Салам-Алик айыл аймагынын Карчабек айылында 150 орундуу жаңы мектептин пайдубалына капсула салуу аземи болуп өттү.
Жаңы билим берүү мекемеси эки кабаттан туруп, заманбап талаптарга ылайык курулат. Мектептин курулушу «Ас-Сафа» коомдук фонду тарабынан каржыланууда.
Долбоордун алкагында мектептен тышкары мечит, медресе жана кийим тигүүчү цех куруу да пландаштырылган. Бул объектилер айылдын социалдык инфраструктурасын жакшыртып, жергиликтүү тургундар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
Долбоорду ишке ашыруу иштерин Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Каныбек Апбасов колго алып, курулушка керектүү райондук уруксат документтери бүткөрүлдү.
Долбоордун негизги максаты — окуучулардын билим алуу муктаждыгын камсыз кылуу, ошондой эле жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү.




