Демография

Аймак жөнүндө

Кашка-Суу айыл аймагынын калкы толугу менен айылдык конуштарда жашайт. 2026-жылдын 1-январына карата туруктуу калктын саны 8 770 адамды түзөт.

8 770 адам Туруктуу калктын саны
4 345 Эркектер
4 425 Аялдар
7 айыл Калктуу конуштар

01 Калктын жалпы саны

2026-жылдын башына карата Кашка-Суу айыл аймагында 8 770 адам туруктуу жашайт. Аймакта шаардык конуш жок, калктын бардыгы айылдык калктуу конуштарда жашайт.

Айыл аймагынын курамына Бурган-Суу, Кара-Кабак, Кашка-Суу, Жайылма, Кичи-Жайылма, Ачык-Суу жана Кабык айылдары кирет.

02 Жыныстык курамы

Аймактагы эркектер менен аялдардын саны дээрлик тең. Эркектер жалпы калктын 49,5 пайызын, аялдар 50,5 пайызын түзөт.

Эркектер 4 345
Жалпы калктан 49,5%
Аялдар 4 425
Жалпы калктан 50,5%

03 Калктын жаш курагы боюнча түзүмү

Калктын басымдуу бөлүгүн эмгекке жарамдуу курактагы жарандар түзөт. 0–15 жаштагы балдардын үлүшү да жогору.

0–15 жаш Эмгекке жарамдуу курактан кичүү 3 266 адам 37,2%
Эмгекке жарамдуу курак Эркектер 16–62 жаш, аялдар 16–57 жаш 4 956 адам 56,5%
Эмгекке жарамдуу курактан улуу 63 жаштан улуу эркектер, 58 жаштан улуу аялдар 548 адам 6,3%

04 Төрөлүү жана өлүм көрсөткүчтөрү

Социалдык-экономикалык паспортто көрсөтүлгөн маалымат боюнча отчеттук мезгилде 144 бала төрөлүп, 36 адам каза болгон.

Төрөлгөндөр 144 адам
Каза болгондор 36 адам

05 Калктын улуттук курамы

2026-жылдын 1-январына карата паспорттук маалымат боюнча Кашка-Суу айыл аймагынын туруктуу калкынын улуттук курамы 8 770 кыргыздан турат.

Улуттук курам боюнча: кыргыздар — 8 770 адам. Башка улуттар боюнча көрсөткүчтөр паспортто 0 деп берилген.

Маалымат булагы: Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 1-январына карата социалдык-экономикалык паспорту.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген