Жергиликтүү кеңештин аппараты

Жергиликтүү кеңештин аппараты

торага

Карыбеков Бактияр Имамидинович

Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы

Билими:
Жогорку билимдүү. 2013–2017-жылдары Ош мамлекеттик университетинин Бизнес жана менеджмент факультетинде «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» адистиги боюнча билим алган.

  • 2017-жылдын 11-августунан 27-декабрына чейин — Ош облусунун жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын адиси;
  • 2017-жылдын 27-декабрынан 2021-жылдын 3-мартына чейин — Ош облусунун жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
  • 2018–2019-жылдары — Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин депутаты;
  • 2019-жылдын 1-апрелинен 31-августуна чейин — ЮНИСЕФтин «Чексиз достук — Кыргызстандын жана Өзбекстандын жаштарынын ортосундагы ынтымакты жана кызматташтыкты өнүктүрүү» долбоорунун консультанты;
  • 2021-жылдын 4-мартынан 2023-жылдын 31-июлуна чейин — «Youth of Osh» коомдук бирикмесинде «Жаратман жаштар», «Жигердүү жарандар» жана «Онлайн шаар» долбоорлорунун координатору;
  • 2023-жылдын 15-ноябрынан 2024-жылдын 30-ноябрына чейин — «Адам укуктары боюнча Эдвокаси борбору» уюмунда «Аракет — Кыргызстандын жаңы конуштарындагы жашоону жакшыртуу үчүн» долбоорунун коомчулукту мобилизациялоо боюнча ассистенти;
  • 2024-жылдын 29-ноябрынан тартып — Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы.
WhatsApp Image 2026 07 25 at 16.06.20

Токсонбаева Гүлиза Абдилаковна

Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин жооптуу катчысы

Билими: Жогорку билимдүү. 2012–2016-жылдары Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык мамилелер факультетинде «Аймак таануу» адистиги боюнча бакалавр даражасын алган.

2016–2018-жылдары — Эсенкелди уулу Максатбек атындагы орто мектебинде англис тили мугалими; 2018–2020-жылдары — Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн иш кагаздарын жүргүзүүчү адиси; 2020-жылдан тартып — Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин жооптуу катчысы.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген