Өзгөн районунун Салам-Алик, Кара-Шоро жана Мырза-Аке айыл аймактарында жергиликтүү тургундардын катышуусунда элдик жыйындар өткөрүлдү.
Жыйындарга Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Каныбек Апбасов, укук коргоо органдарынын, тиешелүү мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери катышты.
Жолугушуулардын жүрүшүндө алгач 2025-жылдын ичинде аткарылган иштер тууралуу маалымат берилди. Андан соң жергиликтүү тургундар аймактардагы көйгөйлүү маселелерди көтөрүп, өздөрүнүн сунуш-пикирлерин билдиришти.
Тургундар тарабынан жолдордун абалын жакшыртуу, калкты таза суу менен камсыз кылуу, жайыт тартыштыгын чечүү, электр мамыларын жана трансформаторлорду жаңылоо маселелери айтылды.
Мындан тышкары, таштанды таштоочу жайларды уюштуруу, турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү, маданият үйлөрүн оңдоо жана балдар бакчаларын ачуу боюнча сунуштар көтөрүлдү.
Район башчысы Каныбек Апбасов ар бир сунуш жана көйгөйлүү маселе көзөмөлгө алынып, аларды чечүү боюнча тиешелүү аракеттер көрүлөрүн белгиледи. Көтөрүлгөн маселелер боюнча жооптуу кызматтардын жетекчилерине конкреттүү тапшырмалар берилди.
Элдик жыйындар жергиликтүү бийлик менен тургундардын ортосундагы ачык диалогду бекемдеп, аймактарды өнүктүрүүгө багытталган маанилүү аянтча болуп калды.





