ЖАРЫЯ: Салам-Алик айыл аймагында эл менен жолугушуу өтөт

ChatGPT Image 28 июл. 2026 г., 20 55

10-июнь күнү Өзгөн районунун Салам-Алик айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаевдин жергиликтүү тургундар менен жолугушуусу өтөт.

Жолугушуу Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасынын негизинде уюштурулуп, анда айыл аймагындагы көйгөйлөр, тургундардын сунуш-пикирлери жана аймакты өнүктүрүү маселелери талкууланат.

Жолугушууда төмөнкү маселелерди кароо пландаштырылууда:

  1. Жолдорду оңдоо жана асфальт төшөө;
  2. Дамба жана канал куруу, селден коргоо;
  3. Электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашы;
  4. Жаңы конуштун жолун оңдоо жана электр мамыларын жаңылоо;
  5. Балдар бакчасынын ашканасын куруу;
  6. Тез жардам унаасы менен камсыздоо;
  7. Спорт зал жана стадион куруу;
  8. Көмүр карьерлерине байланыштуу маселелер;
  9. Туризмди өнүктүрүү;
  10. Айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгүнө байланыштуу сунуштар жана кайрылуулар.

Салам-Алик айыл аймагынын тургундарын жолугушууга активдүү катышып, көйгөйлөрүн жана сунуш-пикирлерин билдирүүгө чакырабыз.

Өткөрүлүүчү күнү: 10-июнь
Өткөрүлүүчү жери: Салам-Алик айыл аймагы
Катышуучулар: жергиликтүү тургундар, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин өкүлдөрү

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген