Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы Абдыкадыров Сүйүнтбек Осмоновичтин Мугалимдер күнүнө карата куттуктоосу

Glava

Урматтуу биздин агартуучулар, кадырлуу мугалимдер жана билим берүү тармагынын ардагерлери!
​Сиздерди жеке өзүмдүн жана Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аппаратынын атынан кесиптик майрамыңыздар — Мугалимдер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
​Мугалимдик кесип — коомдогу эң жоопкерчиликтүү, ардактуу жана ыйык кесиптердин бири. Сиздердин ар бир окуучуга арнаган убактыңыздар, чыдамкайлыгыңыздар жана ары түйшүктүү, ары сыймыктуу эмгегиңиздер айылыбыздын, өлкөбүздүн келечегин түптөөгө кошкон баа жеткис салымыңыздар болуп саналат.
​Салам-Алик айыл аймагынын өсүп келе жаткан жаш муундарына сапаттуу билим, татыктуу тарбия берип, турмуштан өз ордун табууга көмөктөшүп жатканыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем.
​Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык, түгөнбөгөн кубат жана изденүү каалайм. Ишиңиздерди дайыма ийгилик коштоп, ар бир окуучуңуздун жетишкендиги Сиздердин сыймыгыңыздар болсун!
​Майрамыңыздар кут болсун!
​Терең урматым менен,
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы Абдыкадыров Суйунтбек Осмонович

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген