Жергиликтүү кеңештин аппараты
- Башкы
- Жергиликтүү кеңештин аппараты
Жергиликтүү кеңештин аппараты
Карыбеков Бактияр Имамидинович
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы
Билими:
Жогорку билимдүү. 2013–2017-жылдары Ош мамлекеттик университетинин Бизнес жана менеджмент факультетинде «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» адистиги боюнча билим алган.
Эмгек жолу:
- 2017-жылдын 11-августунан 27-декабрына чейин — Ош облусунун жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын адиси;
- 2017-жылдын 27-декабрынан 2021-жылдын 3-мартына чейин — Ош облусунун жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
- 2018–2019-жылдары — Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин депутаты;
- 2019-жылдын 1-апрелинен 31-августуна чейин — ЮНИСЕФтин «Чексиз достук — Кыргызстандын жана Өзбекстандын жаштарынын ортосундагы ынтымакты жана кызматташтыкты өнүктүрүү» долбоорунун консультанты;
- 2021-жылдын 4-мартынан 2023-жылдын 31-июлуна чейин — «Youth of Osh» коомдук бирикмесинде «Жаратман жаштар», «Жигердүү жарандар» жана «Онлайн шаар» долбоорлорунун координатору;
- 2023-жылдын 15-ноябрынан 2024-жылдын 30-ноябрына чейин — «Адам укуктары боюнча Эдвокаси борбору» уюмунда «Аракет — Кыргызстандын жаңы конуштарындагы жашоону жакшыртуу үчүн» долбоорунун коомчулукту мобилизациялоо боюнча ассистенти;
- 2024-жылдын 29-ноябрынан тартып — Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы.