Салам-Алик айыл аймагында тургундар менен жолугушуу өткөрүлдү

720011116 1703350580695775 6669959463561583113 n

10-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев Өзгөн районунун Салам-Алик айыл аймагынын тургундары менен жолугушту.

Жолугушуу Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасынын негизинде уюштурулуп, анда жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрү жана сунуштары түз угулду.

Жыйындын жүрүшүндө жолдорду оңдоо жана асфальт төшөө, дамба куруу, селден коргоо, электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашы, жаңы конуштун инфраструктурасын жакшыртуу, балдар бакчасынын ашканасын куруу, тез жардам унаасы менен камсыздоо маселелери көтөрүлдү.

Мындан тышкары, спорт зал жана стадион куруу, көмүр карьерлеринин ишмердүүлүгү, туризмди өнүктүрүү жана айыл өкмөтүнүн ишине байланышкан кайрылуулар айтылды.

Тургундар көтөргөн маселелердин айрымдарын чечүү үчүн Өнүктүрүү фондунан жалпы 4,2 миллион сом каржылоо бекитилди. Анын ичинен жаңы конуштун жолуна асфальт төшөөгө 3 миллион сом, дамба жана канал куруу иштерине 1,2 миллион сом бөлүндү.

Тиешелүү долбоорлорду айыл өкмөтү тез арада иштеп чыгып, ишке ашырууга киришет. Калган маселелер протоколго киргизилип, жооптуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга тиешелүү тапшырмалар берилди.

Маалымат булагы: Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген