Салам-Алик, Кара-Шоро жана Мырза-Аке айыл аймактарында элдик жыйындар өтөт

ChatGPT Image 28 июл. 2026 г., 21 03

Өзгөн районунун Салам-Алик, Кара-Шоро жана Мырза-Аке айыл аймактарында жергиликтүү тургундардын катышуусунда элдик жыйындар өткөрүлөт.

Жыйындарга Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Каныбек Апбасов, укук коргоо органдарынын жетекчилери, тиешелүү мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын өкүлдөрү катышат.

Жолугушуулардын жүрүшүндө 2025-жылы аткарылган иштер тууралуу маалымат берилип, айыл аймактарындагы көйгөйлүү маселелер жана өнүктүрүү боюнча сунуштар талкууланат.

Жыйындарда төмөнкү маселелерди кароо пландалууда:

  1. Жолдордун абалын жакшыртуу жана оңдоо;
  2. Калкты таза суу менен камсыз кылуу;
  3. Жайыт тартыштыгын чечүү;
  4. Электр мамыларын жана трансформаторлорду жаңылоо;
  5. Таштанды таштоочу жайларды уюштуруу;
  6. Турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү;
  7. Маданият үйлөрүн оңдоо;
  8. Балдар бакчаларын ачуу;
  9. Айыл аймактарын өнүктүрүү боюнча башка сунуштар жана кайрылуулар.

Жергиликтүү тургундар жыйындарга активдүү катышып, өздөрүнүн көйгөйлөрүн, сунуш-пикирлерин жана кайрылууларын түз билдире алышат.

Көтөрүлгөн маселелер тиешелүү кызматтардын катышуусунда каралып, аларды чечүү боюнча жооптуу жетекчилерге тапшырмалар берилет.

Өткөрүлүүчү жерлер: Салам-Алик, Кара-Шоро жана Мырза-Аке айыл аймактары
Катышуучулар: жергиликтүү тургундар, райондук жетекчилик, укук коргоо органдарынын жана тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген