Өзгөн районунун Салам-Алик, Кара-Шоро жана Мырза-Аке айыл аймактарында жергиликтүү тургундардын катышуусунда элдик жыйындар өткөрүлөт.
Жыйындарга Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Каныбек Апбасов, укук коргоо органдарынын жетекчилери, тиешелүү мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын өкүлдөрү катышат.
Жолугушуулардын жүрүшүндө 2025-жылы аткарылган иштер тууралуу маалымат берилип, айыл аймактарындагы көйгөйлүү маселелер жана өнүктүрүү боюнча сунуштар талкууланат.
Жыйындарда төмөнкү маселелерди кароо пландалууда:
- Жолдордун абалын жакшыртуу жана оңдоо;
- Калкты таза суу менен камсыз кылуу;
- Жайыт тартыштыгын чечүү;
- Электр мамыларын жана трансформаторлорду жаңылоо;
- Таштанды таштоочу жайларды уюштуруу;
- Турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү;
- Маданият үйлөрүн оңдоо;
- Балдар бакчаларын ачуу;
- Айыл аймактарын өнүктүрүү боюнча башка сунуштар жана кайрылуулар.
Жергиликтүү тургундар жыйындарга активдүү катышып, өздөрүнүн көйгөйлөрүн, сунуш-пикирлерин жана кайрылууларын түз билдире алышат.
Көтөрүлгөн маселелер тиешелүү кызматтардын катышуусунда каралып, аларды чечүү боюнча жооптуу жетекчилерге тапшырмалар берилет.
Өткөрүлүүчү жерлер: Салам-Алик, Кара-Шоро жана Мырза-Аке айыл аймактары
Катышуучулар: жергиликтүү тургундар, райондук жетекчилик, укук коргоо органдарынын жана тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү