«Сармерден» интеллектуалдык-маданий мелдеши өткөрүлөт

WhatsApp Image 2026 08 07 at 05.03.18

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Салам-Алик айыл аймагындагы мектептердин жана бала бакчалардын эмгек жамааттары арасында «Сармерден» интеллектуалдык-маданий мелдеши өткөрүлөт.

Иш-чаранын негизги максаты — улуттук каада-салттарды жана маданиятты даңазалоо, мекеме кызматкерлеринин чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү жана эмгек жамааттарынын ортосундагы ынтымакты бекемдөө.

Өткөрүлүүчү күнү: 2026-жылдын 26-августу
Башталышы: саат 10:00
Өткөрүлүүчү жери: Салам-Алик айыл өкмөтүнүн борбордук маданият үйү

Мелдештин программасына саламдашуу, Манас айтуу, патриоттук ырлар, жаңылмач, акыйнек, макал-лакаптар, комуз чертүү, табышмак, бий, улуттук тамак-аш жана улуттук көргөзмө киргизилген.

Мектептер менен бала бакчалардын кызматкерлеринен түзүлгөн эки команда катышат. Ар бир команда 15 адамдан турушу жана катышуучулар улуттук кийимде келиши керек.

Байге фонду:

  • 1-орун — 15 000 сом;
  • 2-орун — 12 000 сом;
  • улуттук тамак-аш көргөзмөсү үчүн — 10 000 сом;
  • жеңүүчүлөргө грамоталар тапшырылат.

Эскертүү: окуучулар мелдешке катышууга болбойт.

Бардык билим берүү мекемелерин иш-чарага активдүү катышууга чакырабыз!

Тиркелген документтер

Сармерден жообосу

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген