Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Салам-Алик айыл аймагындагы мектептердин жана бала бакчалардын эмгек жамааттары арасында «Сармерден» интеллектуалдык-маданий мелдеши өткөрүлөт.
Иш-чаранын негизги максаты — улуттук каада-салттарды жана маданиятты даңазалоо, мекеме кызматкерлеринин чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү жана эмгек жамааттарынын ортосундагы ынтымакты бекемдөө.
Өткөрүлүүчү күнү: 2026-жылдын 26-августу
Башталышы: саат 10:00
Өткөрүлүүчү жери: Салам-Алик айыл өкмөтүнүн борбордук маданият үйү
Мелдештин программасына саламдашуу, Манас айтуу, патриоттук ырлар, жаңылмач, акыйнек, макал-лакаптар, комуз чертүү, табышмак, бий, улуттук тамак-аш жана улуттук көргөзмө киргизилген.
Мектептер менен бала бакчалардын кызматкерлеринен түзүлгөн эки команда катышат. Ар бир команда 15 адамдан турушу жана катышуучулар улуттук кийимде келиши керек.
Байге фонду:
- 1-орун — 15 000 сом;
- 2-орун — 12 000 сом;
- улуттук тамак-аш көргөзмөсү үчүн — 10 000 сом;
- жеңүүчүлөргө грамоталар тапшырылат.
Эскертүү: окуучулар мелдешке катышууга болбойт.
Бардык билим берүү мекемелерин иш-чарага активдүү катышууга чакырабыз!
Тиркелген документтер
Сармерден жообосу