Географиялык абалы

Айыл аймагы тууралуу

Кашка-Суу айыл аймагы Ош облусунун Чоң-Алай районунда, бийик тоолуу Чоң-Алай өрөөнүндө жайгашкан. Аймактын жаратылыш шарты катаал, климаты континенттик жана кыш мезгили узакка созулат.

213 714 Аймактын жалпы аянты
2 800–3 200 м Деңиз деңгээлинен бийиктиги
7 айыл Айыл аймагындагы калктуу конуштар
8 770 адам Туруктуу калктын саны
Жайгашкан жери

01 Географиялык жайгашуусу

Кашка-Суу айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаарынан 850 чакырым, Ош облусунун борборунан 238 чакырым, ал эми Чоң-Алай районунун борборунан 45 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Аймак бийик тоолуу жана шарты катаал аймактардын катарына кирет. Кыш мезгили жети айга чейин созулуп, аба ырайынын кескин өзгөрүүлөрү байкалат.

Бишкек шаарына чейин 850 км
Ош шаарына чейин 238 км
Райондун борборуна чейин 45 км
Жаратылыш өзгөчөлүгү

02 Жердин рельефи

Чоң-Алай өрөөнүндө жаңы тектоникалык кыймылдар жана экзогендик процесстер, төртүнчүлүк мезгилдеги муз каптоо, дарыялар, аяздуу суук жана температуралык процесстер рельефти түзүүчү негизги факторлор болуп саналат.

Чоң-Алай өрөөнүнүн аймагында рельефтин эки геоморфологиялык аймагы, төрт геоморфологиялык комплекси жана тогуз тиби ажыратылган. Кашка-Суу айыл аймагынын жайыттарынын жалпы аянты 72 417 гектарды түзөт.

Аба ырайы

03 Климаттык шарттары

Чоң-Алай өрөөнүнүн климаты континенттик жана кургак. Жыл мезгилдери бири-биринен кескин айырмаланат. Аймактын деңиз деңгээлинен бийик жайгашуусу булуттуулукка, жаан-чачынга, ошондой эле абанын жылдык жана суткалык температурасынын өзгөрүшүнө олуттуу таасир берет.

Жаан-чачындын аз болушуна жана аймактагы нымдуулуктун төмөн деңгээлине батыштан тынымсыз соккон шамалдар да чоң таасирин тийгизет.

Кыш мезгилиндеги орточо температура −15…−35 °C
Жай мезгилиндеги орточо температура +15…+25 °C
Аймактык чек ара

04 Чектеш аймактар

Кашка-Суу айыл аймагы батыш тарабынан Чоң-Алай айыл аймагы, ал эми чыгыш тарабынан Алай району менен чектешет.

Маалымат булагы: Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык паспорту, 2026-жылдын 1-январына карата.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген