Өзгөн районунда төрт социалдык объект пайдаланууга берилди

539779236 24119852681033667 7689702198774909900 n

Өзгөн районунда төрт жаңы социалдык объекттин ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров онлайн режимде катышты.

Ачылыш аземинин алкагында Төрт-Көл айыл аймагындагы Орозов атындагы мектеп, Мырза-Аке айыл аймагындагы Нурбаев атындагы мектеп, Салам-Алик айыл аймагындагы Турдуев атындагы мектеп жана Жазы айыл аймагындагы жаңы спорт зал пайдаланууга берилди.

Жаңы объектилер заманбап талаптарга ылайык курулуп, керектүү эмеректер жана акыркы үлгүдөгү жабдуулар менен камсыздалды. Окуучулар үчүн сапаттуу билим алууга, ал эми жаштар үчүн спорт менен машыгууга ыңгайлуу шарттар түзүлдү.

Бул объектилердин ишке берилиши райондун билим берүү жана спорт тармагындагы инфраструктурасын жакшыртууга, ошондой эле балдар менен жаштардын өнүгүүсүнө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө болот.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген