Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралардын алкагында Салам-Алик айыл аймагындагы мектептердин жана бала бакчалардын эмгек жамааттары арасында «Сармерден» интеллектуалдык-маданий мелдеши болуп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар улуттук каада-салттарды, үрп-адаттарды, ыр-бийлерди жана чыгармачылык өнөрлөрүн көрсөтүштү. Мелдеш жогорку деңгээлде уюштурулуп, катышуучуларга жана көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартуулады.
Иш-чаранын жыйынтыгында Салам-Алик айыл өкмөтү тарабынан катышуучуларга дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Мындай маданий иш-чаралар улуттук мурастарды даңазалоого, чыгармачылыкты өнүктүрүүгө жана билим берүү мекемелеринин ортосундагы ынтымакты бекемдөөгө өбөлгө түзөт.







