“Бош жумуш орундар жана кесиптер” жарманкеси өткөрүлөт

Image 1681195411.2e16d0ba.format webp.fill 1668x1014

Урматтуу Салам-Алик айыл аймагынын тургундары!

2025-жылдын 2-октябрь күнү саат 10:00дө Өзгөн шаарында Өзгөн райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы “CHEBER” швейцариялык долбоору менен биргеликте “Бош жумуш орундар жана кесиптер” аттуу жарманке өткөрөт.

Иш-чаранын алкагында жумуш издөөчүлөр менен иш берүүчүлөрдүн жолугушуусу уюштурулуп, катышуучулар бош жумуш орундар, кесиптер жана ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча маалымат ала алышат.

Ошондой эле жарманкенин жүрүшүндө катышуучулар үчүн кесиптик мастер-класстар көрсөтүлүп, практикалык тажрыйба менен бөлүшүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Жумуш издеген жарандарды, кесип тандоону каалаган жаштарды жана иш берүүчүлөрдү аталган жарманкеге активдүү катышууга чакырабыз.

Өтүүчү күнү: 2-октябрь, 2025-жыл
Убактысы: саат 10:00
Өтүүчү жери: Өзгөн шаары

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген