Ак-Терек айылындагы Эл-Достугу көчөсүнө асфальт төшөлдү

541365332 122216777078269574 3185368980252544628 n

Салам-Алик айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылынын Эл-Достугу көчөсүнө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан асфальт төшөө иштери жүргүзүлдү.

Жолдун жалпы узундугу 1,5 чакырымды түзүп, долбоордун сметалык баасы 10 800 000 сом болду. Жаңы асфальт жол айылдын ички транспорттук инфраструктурасын жакшыртып, жергиликтүү тургундардын жүрүп-туруусуна ыңгайлуу шарт түзөт.

Жаңыланган ички көчөнүн ачылыш аземине Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары А. Р. Дүйшеев, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын Директорлор кеңешинин төрагасы Атантай Доолотович Турдубаев, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин директору Тариэл Каримбекович Келдибеков катышты.

Иш-чарага айыл тургундары да катышып, жаңы жолдун пайдаланууга берилиши жергиликтүү калк үчүн маанилүү окуя болгонун белгилешти.

Эл-Достугу көчөсүнүн асфальтталышы айылдын инфраструктурасын өнүктүрүүгө, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга жана тургундардын жашоо шартын жакшыртууга өбөлгө түзөт.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген